1-берене
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 333-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 46-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3361-берене менен толукталсын:
"3361-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтому тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу аны чыгарган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 44-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;
3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө.
Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат. Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча соттун аныктамасы токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде бузуу жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт.".
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112077/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>