# КР 2020-жылдын 14-августундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 14-августундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2876/edition/1102500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 14-августундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112076

---

КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 14-августу № 130 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112076/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

## 40-главада:

а) эскертүүдө:

- "Ушул Кодекстин" деген сөздөр "1. Ушул Кодекстин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Ушул Кодекстин 2951-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер юстициянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.";

б) глава төмөнкүдөй мазмундагы 2951-берене менен толукталсын:

"2951-берене. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу Юридикалык жактар, алардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) тарабынан юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоосуз жана мамлекеттик кайра каттоого алып келбөөчү маалыматтардын өзгөрүүлөрү тууралуу кабарламасыз ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон анык эмес маалыматтарды берүү, - 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112076/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65(3137) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
