1-берене
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"217-берененин 3-бөлүгүндө, 242-берененин 2-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат.";
2) 217-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"217-берене. Салык салуудан качуу, бухгалтердик эсепти бурмалоо жана отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу
1. Бухгалтердик эсептин жоктугу же анын бурмаланышы, же болбосо бухгалтердик жана салыктык отчетторду, баланстарды, эсептешүүлөрдү жана бюджетке салыктарды чегерүү жана төлөө менен байланышкан башка документтерди белгиленген мөөнөттөрүндө бербөө -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруудан (азайтуудан) билинген салык салуудан качуу -
4-категориядагы айыл пул салууга алып келет.
3. Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар салыктык отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
3) 242-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"242-берене. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү мөөнөттөрүн бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112075/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>