# КР 2020-жылдын 14-августундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 14-августундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112075>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2875/edition/1102496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 14-августундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112075

---

КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 14-августу № 129 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112075/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"217-берененин 3-бөлүгүндө, 242-берененин 2-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат.";

2) 217-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"217-берене. Салык салуудан качуу, бухгалтердик эсепти бурмалоо жана отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу

1. Бухгалтердик эсептин жоктугу же анын бурмаланышы, же болбосо бухгалтердик жана салыктык отчетторду, баланстарды, эсептешүүлөрдү жана бюджетке салыктарды чегерүү жана төлөө менен байланышкан башка документтерди белгиленген мөөнөттөрүндө бербөө -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруудан (азайтуудан) билинген салык салуудан качуу -

4-категориядагы айыл пул салууга алып келет.

3. Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар салыктык отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.";

3) 242-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"242-берене. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү мөөнөттөрүн бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112075/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65(3137) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
