# КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2872/edition/1012497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112072

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 18-июлу № 79 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 11-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112072/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 19-беренеде:

а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өзүнүн кесиптик кызматтык ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде лицензия алган мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар, лицензияны алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мезгилине лицензияны колдонууну токтото туруу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга милдеттүү.";

2) 22-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112072/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-июлундагы № 57(3129) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
