# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112071)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 3-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112071/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2871/edition/1120392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112071/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112071/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 165-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.";

2) 223-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Дивиденддерди төлөбөстөн, салык төлөөчү тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, ошондой эле уставдык капиталды ушундай көбөйтүү менен байланышкан акцияларды ошол салык төлөөчүгө өткөрүп берүү кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112071/st-2)
