# 396-берене. Ушул главада пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112070)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112070/st-396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2870/edition/1120388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112070/st-396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 396-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112070/st-396

---

Ушул главада төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) "Виртуалдуу актив" - жарандык укуктардын объекти катары электрондук (санариптик) формада түзүлгөн, сакталган жана жүгүртүлгөн жана белгиленген тартипте эмиссияланган акча каражаты (валюта), баалуу кагаз же электрондук акча болуп саналбаган нарктын санариптик мааниси.

2) "Майнинг" - үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылууну талап кылган, пайдалануучулардын ортосунда жасалган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүнгөн реестрге (мурдатан аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейнинин) иштөөсүн камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашыруу боюнча иш. Майнинг бөлүнгөн реестрде операциялардын жасалышын ырастоо үчүн сыйакы катары майнингди жүзөгө ашырган жактын ээлигине келип түшкөн виртуалдык активди түзүү менен коштолуусу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112070/st-1)  
Кийинки берене: [397-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112070/st-397)
