396-берене. Ушул главада пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Ушул главада төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) "Виртуалдуу актив" - жарандык укуктардын объекти катары электрондук (санариптик) формада түзүлгөн, сакталган жана жүгүртүлгөн жана белгиленген тартипте эмиссияланган акча каражаты (валюта), баалуу кагаз же электрондук акча болуп саналбаган нарктын санариптик мааниси.
2) "Майнинг" - үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылууну талап кылган, пайдалануучулардын ортосунда жасалган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүнгөн реестрге (мурдатан аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейнинин) иштөөсүн камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашыруу боюнча иш. Майнинг бөлүнгөн реестрде операциялардын жасалышын ырастоо үчүн сыйакы катары майнингди жүзөгө ашырган жактын ээлигине келип түшкөн виртуалдык активди түзүү менен коштолуусу мүмкүн.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
396-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112070/st-396" title="396-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>