# 3-берене

- Документ: [Алименттик миллеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 "Алименттик миллеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112069/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2869/edition/1014467/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112069/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алименттик миллеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (17.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112069/st-3

---

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 40-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын 18 жашка жете элек жарандары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же алардын биринин өтүнүчү болбогондо, жашы жете электерге соттун чечими боюнча чыгып кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн.";

2) 43-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ата-энесинин биринин өтүнүчү болбогондо, жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112069/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112069/st-4)
