# Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 122 "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 122 "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2868/edition/1120397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 122 "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112068

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 12-августу № 122 Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112068/st-1)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112068/st-2)

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112068/st-3)

"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2013-ж., № 7, 911-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы абзац менен толукталсын: "электромобиль - ички күйүүчү кыймылдаткычысыз, электр энергиянын булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор жана д.у.с.) көз карандысыз кубат алуу менен бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келтирилүүчү автомобиль.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112068/st-4)

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароону Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзөт. Диагностикалык борборлор тарабынан берилген оң корутундулар транспорт каражаты бардык талаптарга жооп берээрин, чектөөлөрү жок экендигин, абаны булгабаганын жана эксплуатациялоого толук даяр экендигин ырастоого тийиш.".

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112068/st-5)

Ушул Мыйзамдын 1-беренесин кошпогондо, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65(3137) жарыяланды Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аны күчүнө кирүүсүнүн башка тартиби белгиленбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси ал расмий жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес, кийинки салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
