# 2-берене

- Документ: [Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112067)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 "Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112067/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2867/edition/1011967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112067/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112067/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 63-статьянын 3-пунктунда:

а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыздын улуттук салты боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

- эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен, же аларды кошпостон баланын атасынын аты боюнча жазылат. Бул учурларда балага баланын атасынын аты берилбейт;

- "тегин" деген сөздү кошуу менен чоң атасынын аты боюнча, мында эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөздү кошуу менен ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын атасынын аты кошуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо, же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энелеринин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.";

б) үчүнчү абзацта "жазылат" деген сөз "көрсөтүлөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев", "-ова" жана "-ева" деген мүчөлөр кошулуп жазылышы мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112067/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112067/st-3)
