2-берене
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 63-статьянын 3-пунктунда:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыздын улуттук салты боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:
- эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен, же аларды кошпостон баланын атасынын аты боюнча жазылат. Бул учурларда балага баланын атасынын аты берилбейт;
- "тегин" деген сөздү кошуу менен чоң атасынын аты боюнча, мында эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөздү кошуу менен ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын атасынын аты кошуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо, же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энелеринин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.";
б) үчүнчү абзацта "жазылат" деген сөз "көрсөтүлөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча "-ов", "-ев", "-ова" жана "-ева" деген мүчөлөр кошулуп жазылышы мүмкүн.".
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112067/st-2" title="2-берене - Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>