# КР 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2862/edition/1102604/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112062

---

КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 4-июну № 57 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 30-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112062/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [504-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112062/st-504)

төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын: "31. Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч болсо;

2) эгерде шектүү адам мас болуунун алкоголдук же башка түрлөрүнүн абалында болсо жана жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирсе;

3) эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теңдештирилген адамдарды кордоону, коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыңдоону, басмырлоону улантат деп болжолдоого мүмкүндүк берүүчү негиздер болсо.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112062/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-июнундагы № 43(3115) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
