# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү тууралу)](https://aqlex.ai/kg/doc/112059)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү тууралу)" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112059/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2859/edition/1245055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112059/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү тууралу), 3-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112059/st-3

---

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-беренеде:

а) 1-пунктунун "б" пунктчасы "каралган уруксаттарга карата" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пунктунун "б" пунктчасы "лицензияларына гана," деген сөздөрдөн кийин "атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 25-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо, ал эми атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларга карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112059/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112059/st-4)
