# КР 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2858/edition/1008955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (21.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 21-апрели № 50 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 11-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-1)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак айылы деп аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылы деп аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-3)

Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки айылы деп аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-4)

Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Шортон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Шортон айылы деп аталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-5)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак айылы деп аталсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-6)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш айылы деп аталсын.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-7)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылы деп аталсын.

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-8)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай айылы деп аталсын.

### [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-9)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш айылы деп аталсын.

### [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-10)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Батуу калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Батуу айылы деп аталсын.

### [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-11)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Дары-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Дары-Булак айылы деп аталсын.

### [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-12)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылы деп аталсын.

### [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-13)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылы деп аталсын.

### [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-14)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кулуштан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кулуштан айылы ден аталсын.

### [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-15)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма айылы деп аталсын.

### [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-16)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош областынын Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма айылы деп аталсын.

### [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-17)

Түзүлгөн Баткен областынын Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош областынын Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма айылдарынын схемалык карталары тиркемелерге ылайык бекитилсин.

### [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112058/st-18)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35(3107) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
