# КР 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2856/edition/1150516/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112056

---

КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 20-апрели № 48 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 15-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112056/st-1)

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 347-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "20 пайызга чейин" деген сөздөр "20 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "20 пайызга чейинки өлчөмдө" деген сөздөр "20 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 21-берененин 4-бөлүгүндө:

а) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) жогорулатылган даярдык режиминде гана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана (же) өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда, токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн, ошондой эле тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;";

б) 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, улуттук сапат стандарттарына ылайык чыгарылышынын тиешелүү сертификаты болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болгон товарларды ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алууда. Мында товарлардын наркы монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112056/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 33(3105) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
