# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112049)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 64 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112049/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2851/edition/1102484/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112049/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112049/st-2

---

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Чегарага танапташ эмгекчи-мигрант - чектеш мамлекетте өзүнүн туруктуу жашаган жерин сактаган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык ага карата визасыз режим колдонулган, жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына мезгил-мезгили менен кирип турган жана чектеш мамлекетке визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жок дегенде бир жолу кайтып келген танапташ мамлекеттин жараны.";

2) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетин ушул Мыйзамдын 14-статьясында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.";

3) 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-статья. Барып-келип (чегарага танапташ) эмгектенүү миграциясы Мамлекет экономикалык, илимий-техникалык, маданий-агартуучулук байланыштарды өнүктүрүү кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин чегарага танапташ аймактарынын ортосунда жумушчу күчүн алмашууга көмөк көрсөтөт. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттардын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Чегарага танапташ эмгек-мигранттары Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөнүүчү жеке эмгектик иш-аракетин визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде, Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жалданма жумушчуларды жалдоого укуксуз жеке эмгектик иш-аракетине патенттин негизинде жүзөгө ашырат. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга эмгек миграциясына квота жайылтылбайт. Кыргыз Республикасына жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында келген чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттын колдонуудагы жеке эмгектик иш-аракетине патенти болгон шартта миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат документтерсиз аларды жалданма жумушка тартууга укуктуу жеке адамдар чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алат. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алышпайт.";

4) 27-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"27-статья. Эмгекчи-мигранттардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасына келген жана эмгектик иш-аракетин миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган берүүчү тийиштүү уруксат документтерсиз жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Кыргыз Республикасына келген жана жеке эмгектик иш-аракетке патенти жок жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруучу чегарага танапташ эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112049/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112049/st-3)
