# 1-берене

- Документ: [Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112045)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 19-июнундагы № 61 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112045/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2847/edition/1015415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112045/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (19.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112045/st-1

---

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 4-статьяда:

а) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн негиз болуп саналат.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:

"Адамга аны качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүчтү каттоодон төмөнкү учурларда баш тартылат:

- эгерде адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар жок болгон шартта;

- эгерде адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;

- эгерде адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.";

4) 7-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112045/st-2)
