1-берене
Күчүндө · 19.06.2020 редакциясы
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 4-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн негиз болуп саналат.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Адамга аны качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүчтү каттоодон төмөнкү учурларда баш тартылат:
- эгерде адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар жок болгон шартта;
- эгерде адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;
- эгерде адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.";
4) 7-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 19.06.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112045/st-1" title="1-берене - Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>