# КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2846/edition/1006771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112044

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 15-апрели № 43 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 4-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112044/st-1)

"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 10-пункту "жашаган жеринен" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо турган жеринен" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 5-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө:

биринчи абзацында "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

б) 2-бөлүгүндө "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) каза болгондо.";

4) 13-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "туруктуу жашаган жерин" деген сөздөр "жашаган жерин же болбосо турган жерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112044/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35(3107) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
