1-берене
Күчүндө · 15.04.2020 редакциясы
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 3-пунктунда "коргоо ордери" деген сөздөр "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-берененин 8-пунктунда "жазык ишин же администрациялык өндүрүштү козгоо фактысына" деген сөздөр "өндүрүштө жазык иши же жоруктар жөнүндө иш бар экенине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту "коргоо ордеринин" деген сөздөрдөн мурда "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
4) 16-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата жазык иши боюнча тартиптик өндүрүш же сотко чейинки өндүрүш козгоо жөнүндө өтүнүч менен сунуштамаларды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт;";
5) 17-берененин 3-пунктунда "администрациялык укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 23-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "коргоо ордеринин" деген сөздөрдөн мурда "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
7) 24-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пункт "коргоо ордеринин" деген сөздөрдөн мурда "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
б) 4-пунктунда "же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
8) 25-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктунда ", Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 3 жана 10-пункттарда "администрациялык же" деген сөздөр алып салынсын;
9) 26-берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 27-беренеде:
а) аталышында жана берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндө "администрациялык" деген сөз "жазык" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) 28-берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 29-берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 30-берененин 2-бөлүгү "коргоо ордеринин көчүрмөсү" деген сөздөрдөн мурда "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
14) 31-берененин 1-бөлүгү "коргоо ордери берилген учурдан тартып" деген сөздөрдөн мурда "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
15) 38-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-берене. Ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
Берененин тексти 15.04.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112043/st-1" title="1-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>