# 400-берене. Арызды кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112041/st-400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2843/edition/1116698/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112041/st-400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 400-берене (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112041/st-400

---

1. Судья үч күндүк мөөнөттө арызды жана ага тиркелген документтерди кайтарып берет, эгерде:

1) арызга кол коюлбаса же ага кол коюуга укугу жок адам тарабынан кол коюлса;

2) ишке катышуучу жактарга арыздын көчүрмөсүн жиберүү же тапшыруу далилдери көрсөтүлбөсө.

Арызды кайтарып берүү бул арызды кайтарууга негиз болгон жагдайларды четтеткенден кийин ушундай эле талап менен сотко жалпы тартипте кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.";

89) 401-беренеде:

а) 3-бөлүгүндө "токтотуп турууга" деген сөздөр "арыз берүүчүнүн өтүнмөсү боюнча токтото турууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 5-7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

90) 402-беренеде:

а) расмий тилдеги 1-бөлүгүндө "принимает" деген сөз "выносит" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүндө "чечим" деген сөз "аныктама" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Эгерде талашылып жаткан токтом же аракеттер (аракетсиздик) мыйзамдуу түрдө чыгарылганын же жасалгандыгын белгилесе, сот арызды канааттандыруудан баш тартат.";

91) 403-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"403-берене. Сот актылары боюнча даттануу жана сот аткаруучулардын токтомдору, аракеттери (аракетсиздиги) боюнча талаш иштерди кайра кароо Соттун аныктамасына даттануу ушул иш боюнча соттун аныктамасы менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адамдар тарабынан он күндүк мөөнөттө биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет, ал сотко даттануу келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө даттанууну иш менен бирге тийиштүү инстанцияга жиберүүгө милдеттүү.";

92) 403-беренеден кийин "VI Бөлүм Сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткарууга байланышкан өндүрүш" деген сөздөр алып салынсын;

93) расмий тилдеги 405-берененин 1-бөлүгүндө "рассматривавшим" деген сөз "рассмотревшим" деген сөзгө алмаштырылсын;

94) 414-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө:

- "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде" деген сөздөр "ушул Кодексте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мүлктү камакка алууну жокко чыгаруу маселелери жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.";

б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Чечим ушул Кодексте каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.";

95) 424-берененин 1-бөлүгү "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "машинкага басылган текст түрүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

96) 433-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112041/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112041/st-2)
