# 6-берене

- Документ: [1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112036)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 8-майындагы № 53 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2838/edition/1004448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112036/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 6-берене (08.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-6

---

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү тиешелүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жашка чыккан жана андан ашкан адамдар кирет;

2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар кирет;

3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, ата-энелик укуктардан ажыратылбаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек кеминде эки баласы бар, анын ичинде асырап алынган же камкордукка алынган балдары бар, же болбосо курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар адамдар кирет;

4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга багуусунда жана тарбиялоосунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча белгиленген тартипте жазылган балдары бар (никеде турбаган) энелер кирет;

5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга беш жана андан ашык балдары бар жана тарбиялаган аялдар кирет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-7)
