# 4-берене

- Документ: [1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112036)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 8-майындагы № 53 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2838/edition/1004448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112036/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 4-берене (08.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-4

---

1. Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралуу зарыл маалыматтар болбогондо ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.

Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн соттор (судьялар) мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мекемелерден зарыл материалдарды суратып алууга укуктуу. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш. Сот (судья) жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өкүм же токтом чыгарат.

2. Соттук жыйналышта ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселени кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү.

3. Жазаны өтөө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-5)
