# 2-берене

- Документ: [1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112036)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 8-майындагы № 53 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2838/edition/1004448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112036/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 2-берене (08.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-2

---

1. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартын үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") 1-бөлүгүндө, 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын ("Аскерден качуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган - адамдар Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотулсун.

2. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 349-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 350-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 367-беренесинин ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү") 1-бөлүгүндө, 368-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотулсун.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-3)
