# 10-берене

- Документ: [1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112036)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 8-майындагы № 53 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2838/edition/1004448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112036/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 10-берене (08.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-10

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.

Ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр өткөндөн кийин келип чыккан учурларда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөрүшүнө жараша), соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 162 жана 163-беренелеринин талаптарына ылайык жардам көрсөтүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын жана аны ишке ашыруунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

4. Жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жаза мөөнөтү ушул Мыйзамга ылайык кыскартылган адамдарга, алардын жаза мөөнөтүнүн жаңыдан эсептелиши жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде кол койдуруп алуу менен маалымат берсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112036/st-9)
