# 1-берене

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112034)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 42 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112034/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2836/edition/1006777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112034/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112034/st-1

---

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары - алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу, өзгөчө кырдаалдар зоналарында ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү.";

2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

"221) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү тартибин аныктайт;";

3) 8-берененин 4-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11) калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112034/st-2)
