# КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 42 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 42 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2836/edition/1006777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 42 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112034

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 15-апрели № 42 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 5-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112034/st-1)

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары - алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу, өзгөчө кырдаалдар зоналарында ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү.";

2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

"221) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү тартибин аныктайт;";

3) 8-берененин 4-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11) калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112034/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
