Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 15-апрели № 42 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 5-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары - алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу, өзгөчө кырдаалдар зоналарында ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү.";
2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
"221) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү тартибин аныктайт;";
3) 8-берененин 4-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
Шилтеме берет (1)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54