23-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34) лицензияны кармап калуу үчүн жыйым (ЛКЖ) - лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калуу үчүн ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык төлөй турган акчалай сумма;";
2) 29-берененин 3-бөлүгүндө "төлөмдү" деген сөз "жыйымды" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 33-берененин 6-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 34-берененин 5-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 36-берененин 3-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 37-берененин 2-бөлүгүндө "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 38-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы экинчи сүйлөмдө "төлөмдөрдүн" деген сөз "жыйымдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 51-беренеде:
а) берененин аталышында "жана төлөмдөр" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 55-берененин 4-бөлүгүндө "төлөмдүн" деген сөз "жыйымдын" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112032/st-23" title="23-берене - Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>