# 21-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2834/edition/1273920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112032/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 21-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-21

---

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 46-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "төлөмдөр" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 47-беренеде:

а) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) пайдасын бөлүштүрүүдөн которуулар жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;";

б) 11-пунктунда "ижарага берүүдөн кирешелер" деген сөздөр "ижарага берүүнүн ижара акысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 12-пунктунда "жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн төлөмдөр" деген сөздөр алып салынсын;

г) 13-15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13) сынам жыйымы;

14) аскердик милдетке байланышкан жыйымдар;

15) радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу учун тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн жыйымдар;";

д) 16-18-пункттарда "төлөмдөр" жана "төлөм" деген сөздөр "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;

е) 21-пунктунда "жана атайын азыктарды" деген сөздөр алып салынсын;

ж) 26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

з) 48-беренеде:

а) 7-пунктунда "ижарага берүүдөн кирешелер" деген сөздөр "ижарага берүүнүн ижара акысы" деген сөздөргө алмаштырылсын:

б) 8 жана 9-пункттардагы "төлөм" деген сөз "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) жайыттарды, ошондой эле айыл аймактарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик токой фондунун жайыттарын пайдалангандыгы үчүн жыйым;";

г) 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын:

д) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн жыйым;".

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-22)
