# 20-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2834/edition/1273920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112032/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 20-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-20

---

"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2014-ж., № 3, 167-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-беренеде:

а) 7 жана 8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акы төлөнүүчү негизинде жүзөгө ашырылат. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн алынуучу жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акысы болуп саналат. Жыйым аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн уруксат алып жатканда толук көлөмдө төлөнөт жана кайра кайтарылууга жатпайт.

8. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

1) 35 пайызы жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине түшөт;

2) 65 пайызы республикалык бюджетке түшөт жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылык ресурстарына мониторинг, кайтаруу жана көбөйтүү, чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу, координациялоочу жана башка функцияларды жүзөгө ашырууга багытталат.";

б) 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-21)
