# 19-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2834/edition/1273920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112032/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 19-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-19

---

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө мамлекеттик алым

1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым алынат.

2. Арыз ээлеринен жана лицензия алуучулардан ушул Мыйзамда каралбаган башка мамлекеттик алымдарды алууга тыюу салынат.".

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-20)
