# 1-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2834/edition/1273920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112032/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу, 1-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-1

---

"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндө "сарпталган каражаттардын наркынын өлчөмүндө каттагандыгы жана жарыялагандыгы үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жыйымдар Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 32-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "төлөмдөрү алынат, алардын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 37-статьянын 8-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 38-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 45-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндө "каттоого кетирилген каражаттардын наркынын өлчөмүндө жыйым" деген сөздөр "жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112032/st-2)
