1-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндө "сарпталган каражаттардын наркынын өлчөмүндө каттагандыгы жана жарыялагандыгы үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жыйымдар Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 32-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "төлөмдөрү алынат, алардын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 37-статьянын 8-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 38-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 45-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндө "каттоого кетирилген каражаттардын наркынын өлчөмүндө жыйым" деген сөздөр "жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112032/st-1" title="1-берене - Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>