# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112030)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 31-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112030/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2832/edition/1103208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112030/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112030/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 211-берененин 4-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунушталган талапкерлердин тизмеси конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү тартибинде, бирок Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан төмөн эмес түзүлөт.";

б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Конкурстук тандоодон өткөн жана босоголук баллды алган, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат. Босоголук баллды албай калган талапкерлер, ошондой эле Президенттин жүйөлөнгөн чечими менен Судьяларды тандоо боюнча кеңешке материалдары кайтарып берилген талапкерлер, судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго бир жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин гана катышууга укуктуу.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112030/st-2)
