# КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2830/edition/1000361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112028

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 20-марты № 28 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 13-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112028/st-1)

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-статьянын 1-пунктунун он биринчи абзацында "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112028/st-2)

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";

3) 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112028/st-3)

"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112028/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30(3102) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
