# КР 2020-жылдын 13-марты № 27 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 13-марты № 27 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2829/edition/1000185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 13-марты № 27 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112027

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 13-марты № 27 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 13-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112027/st-1)

"(Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1027-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 31-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "Ушул" деген сөз "1. Ушул" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик төмөнкүдөй белгиленет:

1) башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;

2) юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же алардын ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;

3) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;

4) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан аз жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;

5) жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2022-жылдын 1-январынан тартып.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112027/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 28 (3100) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
