# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112024)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2826/edition/1102380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112024/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 3-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 34-берене төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Ушул Кодексте коомдук кырсык деп адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал таанылат.";

2) 11-главага эскертүүнүн 1-бөлүгүндө "49, 50" деген цифралар "49 - 50" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 491-берене менен толукталсын:

"491-берене. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режиминин мезгилинде дарыларды жогорулатылган баалар боюнча сатуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";

4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 821 жана 822-беренелер менен толукталсын:

"821-берене. Коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо Өзгөчө же согуштук абал мезгилинде киргизилген коменданттык сааттын убагында атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана инсандыгын ырастаган документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жерлерде же болбосо турак жайдан тышкары жүрүү, - 2- категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-2)  
Кийинки берене: [822-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-822)
