# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112024)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2826/edition/1102380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112024/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1191-берене менен толукталсын:

"1191-берене. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу

1. Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу -

I категориядагы айып пул же болбосо I категориядагы эркиндигин чектөөгө же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

2. Өзгөчө же аскердик абалдын талаптарын бузуу (коменданттык саатты бузууну кошпогондо) -

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы эркиндигин чектөөгө, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1271-берене менен толукталсын:

"1271-берене. Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу

1. Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";

3) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-3)
