# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112024)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2826/edition/1102380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112024/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 243-беренеде "II категориядагы" деген сөздөр "III категориядагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 280-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"280-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

1. Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор зыянга алып келген, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайьшап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектендүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде жасалган, адамдардын массалык дартка чалдыгуусу жана уулануусу коркунучун келтирүү менен коштолгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайьшап бузуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. ";

3) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"32. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112024/st-2)
