# КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2821/edition/1102376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112019

---

КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 28-февралы № 21 Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 16-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112019/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 295-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "электр тогун," деген сөздөрдөн кийин "балык уулоочу синтетикалык торлорду," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112019/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1451-берене менен толукталсын: "1451-берене. Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу, - белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112019/st-3)

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1951-берене менен толукталсын: "1951-берене. Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112019/st-4)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 503-берененин 4-бөлүгүндө "145-беренеси" деген сөздөр "145, 1451-беренелери" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112019/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 6-мартындагы № 25(3097) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
