# 2-берене. Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112018)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112018/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2820/edition/996351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112018/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө, 2-берене (28.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112018/st-2

---

Суу биологиялык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды тапканда аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмеги жана аларды жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112018/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112018/st-3)
