# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112015)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 21-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2021 года № 10 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Правительстве Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112177)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112015#diff=1038213..1038214>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112015/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2817/edition/1038213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112015/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө, 6-берене (21.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112015/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

- 2020-жылга - 13244516,6 миң сом суммасында;

- 2021-жылга божомол - 9979341,7 миң сом суммасында;

- 2022-жылга божомол - 12251224,7 миң сом суммасында.

Бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүп берилүүчү ассигнованиелерди бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилген республикалык бюджеттин пайдаланылбай калган каражаттарынын калдыктары республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүлүп алынбайт жана кезектеги бюджеттик жылга которулат.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

- 2020-жылга - 2377727,0 миң сом суммасында;

- 2021-жылга божомол - 2750415,8 миң сом суммасында;

- 2022-жылга божомол - 2950678,2 миң сом суммасында.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарын бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө которууну камсыз кылсын. (КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112015/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112015/st-7)
