1-берене
Күчүндө · 21.01.2020 редакциясы
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-беренеде:
а) расмий тилдеги 1-бөлүгүндө "аильных" деген сөз "айылных" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Шаарлардын, айыл аймактарынын аймактарына жана башка аймактарга сырткы жарнаманы жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм менен макулдашылууга тийиш. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралбаган органдар менен макулдашууларды жүргүзүү талап кылынбайт.";
в) 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "көрсөтүлгөн" деген сөз "сырткы" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталгандардан тышкары башка жыйымдарды, төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү белгилөөгө жол берилбейт.";
2) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында ", ага ыйгарым укук берилген, компетенциясына кыймыл коопсуздугуна контролдук кылуу кирген органдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коомдук транспорттун аялдамаларында жарнаманы жайгаштырууга коомдук транспорттун аялдамалары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимдин негизинде жол берилет. Коомдук транспорттун аялдамасында жайгаштырылган жарнама аялдаманын аталышын жаап калууга тийиш эмес.".
Берененин тексти 21.01.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112013/st-1" title="1-берене - Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>