# КР 2020-жылдын 25-январындагы № 15 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 25-январындагы № 15 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2815/edition/995859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 25-январындагы № 15 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 25-январы № 15 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 26-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112013/st-1)

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-беренеде:

а) расмий тилдеги 1-бөлүгүндө "аильных" деген сөз "айылных" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Шаарлардын, айыл аймактарынын аймактарына жана башка аймактарга сырткы жарнаманы жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм менен макулдашылууга тийиш. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралбаган органдар менен макулдашууларды жүргүзүү талап кылынбайт.";

в) 4-бөлүгүндө:

- биринчи абзацында "көрсөтүлгөн" деген сөз "сырткы" деген сөзгө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталгандардан тышкары башка жыйымдарды, төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү белгилөөгө жол берилбейт.";

2) 15-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында ", ага ыйгарым укук берилген, компетенциясына кыймыл коопсуздугуна контролдук кылуу кирген органдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Коомдук транспорттун аялдамаларында жарнаманы жайгаштырууга коомдук транспорттун аялдамалары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимдин негизинде жол берилет. Коомдук транспорттун аялдамасында жайгаштырылган жарнама аялдаманын аталышын жаап калууга тийиш эмес.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112013/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-январындагы № 10(3082) жарыяланды Шаарлардын мэриялары өз чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
