# 1-берене

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112011)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112011/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2813/edition/992461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112011/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (31.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112011/st-1

---

"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 8-сентябры, № 67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышында "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзамда жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларды коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларын камтуучу мамлекеттик коргоо чараларынын тутумун киргизүү каралат, ошондой эле аларды колдонуунун негиздери жана тартиби аныкталат.";

3) 1-статьянын аталышында жана текстинде "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;

4) 2-статьяда:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 4-7-главаларында каралган жазык сот өндүрүшүнүн субъектилери мамлекеттик коргоого алынууга тийиш.";

б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 3-статьяда:

а) 3-бөлүгүндө "баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдарына" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгүндө "баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдары" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 5-статьянын аталышында жана текстинде "Күбөлөрдүн жана жабырлангандардын" деген сөздөр "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздук чараларын кошумча камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүгө;

2) корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонууга.";

8) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 151 жана 152-статьялар менен толукталсын:

"151-статья. Зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүү Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын жана (же) жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында зомбулук же жазык мыйзамдарында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берет. Расмий эскертме ишти өндүрүшүнө алган орган тарабынан 24 сааттын ичинде чыгарылууга жана ошол эле мөөнөттө бул адамга кол койдуруу менен кулактандырылууга тийиш. Расмий эскертменин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Кийинки берене: [152-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112011/st-152)
