Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 31.12.2019 редакциясы
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 8-сентябры, № 67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамда жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларды коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларын камтуучу мамлекеттик коргоо чараларынын тутумун киргизүү каралат, ошондой эле аларды колдонуунун негиздери жана тартиби аныкталат.";
3) 1-статьянын аталышында жана текстинде "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
4) 2-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 4-7-главаларында каралган жазык сот өндүрүшүнүн субъектилери мамлекеттик коргоого алынууга тийиш.";
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 3-статьяда:
а) 3-бөлүгүндө "баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдарына" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө "баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдары" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 5-статьянын аталышында жана текстинде "Күбөлөрдүн жана жабырлангандардын" деген сөздөр "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздук чараларын кошумча камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүгө;
2) корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын колдонууга.";
8) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 151 жана 152-статьялар менен толукталсын:
"151-статья. Зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүү Ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын жана (же) жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында зомбулук же жазык мыйзамдарында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берет. Расмий эскертме ишти өндүрүшүнө алган орган тарабынан 24 сааттын ичинде чыгарылууга жана ошол эле мөөнөттө бул адамга кол койдуруу менен кулактандырылууга тийиш. Расмий эскертменин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 31.12.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 174-б ("Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз…Распоряжение · 08.05.2013 · № 174-р
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112011/st-1" title="1-берене - Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>