# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112002)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112002/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2804/edition/1241156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112002/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (03.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112002/st-2

---

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:

"21-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;

б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

2) 9-статьяда:

а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:

"г) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз.";

б) 2-пунктта:

"а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын; "б" пунктчасынын биринчи абзацында "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 4-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 13-статьясынын 3-пунктунун биринчи абзацы "2," деген цифрадан кийин "21," деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112002/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112002/st-3)
