# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112001)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112160)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2020 [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112160); 08.06.2020 [Закон КР от 8 июня 2020 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2020 год и прогнозе на 2021-2022 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112073)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112001#diff=1030992..1030993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2803/edition/1030991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112001/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (31.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-5

---

1. 2020-2022-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2020-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3 548 388,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2020-жылга түзүлгөн тизмекте бекитилген объекттерди курууга, реконструкциялоого алардын артыкчылыктарын эске алуу менен жумшалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом жумшалсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2020-жылы – 360 000,0 миң сом, 2021-жылы – 600 000,0 миң сом, 2022-жылы - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

Тендерлерди өткөрүүдө үнөмдөөнүн натыйжасында алынган каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын капиталдык курулушунун кийинки объекттерине багытталышы керек. (КР 2020-жылдын 8-июнундагы № 60, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112001/st-6)
